Бүгүн, 16-декабр­да Жогор­ку сот­то Ош шаар­дык соту­нун губер­на­тор­го, пре­мьер-мини­стр­ге, өлкөнүн экс-пре­зи­ден­ти Соорон­бай Жээн­бе­ков­го жана спи­кер Асыл­бек Жээн­бе­ков­го морал­дык зыян кел­ти­ри­л­ген­ди­ги үчүн 250 000 сом өлчө­мүн­дө ком­пен­са­ция төлөп берүү жөнүн­дө чечи­мин аткар­ба­га­ны үчүн 4 жыл жаза мөөнөтүн өтөп жаткан сая­сий тут­кун, Ош облу­стук ички иштер баш­кар­ма­лы­гы­нын экс-баш­чы­сы Абди­лат Капа­ро­в­дун доо ары­зын кароо баштал­ды. Бул туу­ра­луу Абди­лат Капа­ро­в­дун адво­ка­ты Эркин Садан­бе­ков жур­на­ли­ст­тер­ге билдирди.

Ал жабыр­ла­ну­у­чу­лар Соорон­бай Жээн­бе­ков жана анын бир туу­ган ини­си Асыл­бек Жээн­бе­ков сот залы­на кели­шпе­ге­нин, муну менен сот­ту жана про­цес­стин баш­ка каты­шу­у­чу­ла­рын сый­ла­бай жатыш­ка­нын белгиледи.

“2020-жыл­дын 5-6-октябрын­да Жээн­бе­ко­в­дор­дун кор­руп­ци­я­лаш­кан үй-бүлөлүк – клан­дык баш­ка­ру­усу алма­шып, өлкөдө­гү сая­сий кли­мат өзгөр­гөн­дөн кий­ин, мый­зам­сыз сот­тол­гон мили­ци­я­нын пол­ков­ни­ги Капа­ров түр­мөдөн бошо­ту­луп, сот адилет­ти­гин калы­бы­на кел­ти­рүү боюн­ча сот бий­ли­ги­нин жогор­ку орга­ны­на кас­са­ци­я­лык дат­та­нуу менен кай­рыл­ды”, – деп түшүн­дүр­дү адво­кат.

Адво­кат сот­тук кол­ле­гия жабыр­ла­ну­у­чу­лар сот залы­на кел­бей кал­ганды­гы­на бай­ла­ны­штуу про­цес­сти 2021-жыл­дын 12-янва­ры­на жыл­дыр­ганды­гын, А.Капаровдун алар­ды сот­ко чакы­руу өтүнүчүн кана­ат­тан­дыр­га­нын билдирди.