НУР­ЛАН  АСАНБЕКОВ
Мен буга чей­ин эч качан интер­нет барак­ча­лар­да жаз­ган эме­смин. Бирок Таши­ев мага мик­ро­фон сунуп­тур, мей­ли жазайын.
Соци­ал­дык тар­мак­тар­да да сая­сат туу­ра­луу пост жазып, тал­ку­у­лар­га ара­лаш­кан эме­смин. Бий­лик­ти жаман­да­ган да эме­смин, мак­та­ган да эме­смин. Мен — жөн гана өз эмге­ги менен нан таап, куру­луш тар­ма­гын­да иштеп жүр­гөн кара­пай­ым адаммын.
Бирок 2022-жыл­дын 23-октябрын­да, мен бир сая­сат­чы­нын үйүн куруп жүр­гөнүм үчүн, мени баш­ка сая­сат­чы­лар менен кошо кар­мап кетиш­ти. СИЗО-1де 10 күн ачка­чы­лык жары­я­лап, араң деген­де шаар­дык сот­тун чечи­ми менен үй кама­гы­на чыктым.
Ошон­дон бери тер­гөө менен сот үч жарым жыл­га созул­ду. Ушул уба­кыт ичин­де мен эң жакын адам­да­рым­дан — ата-энем­ден айрыл­дым. Апам­ды дары­ла­тай­ын деп жаткан күнү, таңкы саат 8:00дө үйү­мө тин­түү жүр­гүзүлүп, мени кар­мап камап салышты,Үйдө ошол убак­та 14 жашар кызым оорук­чан апам жал­гыз калы­шты. Оору­ка­на­да жаткан жерим­ден да түн­дө күч менен чыга­рып жиберишти.
Бул жыл­дар ара­лы­гын­да мен ар тарап­тан кысым көр­дүм:�— Банк­тар кре­дит бер­бей кой­ду�— Түн­кү саат 22:00дөн кий­ин көчө­гө чыгу­у­га тыюу салын­ды�— Күн сай­ын тек­шерүүлөр бол­ду�— Жашо­ом толу­гу менен көзө­мөл­гө алынды
Акы­ры адам чыда­гыс абал­га жет­тим. Кысым­га чыдаб­ай, бир туу­ган­да­рым менен Кем­пир-Абад боюн­ча айып­тал­ган­дар­га кай­ры­лып, өзүм­дү өрт­төө­гө чей­ин бар­дым. Бол­го­ну зажи­гал­ка иште­бей калып, аман калдым…
Менин каа­ло­ом жөнөкөй: Камчы­бек Кыдыр­ша­е­вич, силер дагы мен бас­кан жол­ду басып, акта­лып кети­шиңиз­ге тилек­теш­мин, ийгилик!

Автор пуб­ли­ка­ции

не в сети 2 часа

Садан­бе­ков Эркин

Ком­мен­та­рии: 10Пуб­ли­ка­ции: 353Реги­стра­ция: 30-11-2020