НУРЛАН  АСАНБЕКОВ
Мен буга чейин эч качан интернет баракчаларда жазган эмесмин. Бирок Ташиев мага микрофон сунуптур, мейли жазайын.
Социалдык тармактарда да саясат тууралуу пост жазып, талкууларга аралашкан эмесмин. Бийликти жамандаган да эмесмин, мактаган да эмесмин. Мен — жөн гана өз эмгеги менен нан таап, курулуш тармагында иштеп жүргөн карапайым адаммын.
Бирок 2022-жылдын 23-октябрында, мен бир саясатчынын үйүн куруп жүргөнүм үчүн, мени башка саясатчылар менен кошо кармап кетишти. СИЗО-1де 10 күн ачкачылык жарыялап, араң дегенде шаардык соттун чечими менен үй камагына чыктым.
Ошондон бери тергөө менен сот үч жарым жылга созулду. Ушул убакыт ичинде мен эң жакын адамдарымдан — ата-энемден айрылдым. Апамды дарылатайын деп жаткан күнү, таңкы саат 8:00дө үйүмө тинтүү жүргүзүлүп, мени кармап камап салышты,Үйдө ошол убакта 14 жашар кызым оорукчан апам жалгыз калышты. Ооруканада жаткан жеримден да түндө күч менен чыгарып жиберишти.
Бул жылдар аралыгында мен ар тараптан кысым көрдүм:�— Банктар кредит бербей койду�— Түнкү саат 22:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынды�— Күн сайын текшерүүлөр болду�— Жашоом толугу менен көзөмөлгө алынды
Акыры адам чыдагыс абалга жеттим. Кысымга чыдабай, бир туугандарым менен Кемпир-Абад боюнча айыпталгандарга кайрылып, өзүмдү өрттөөгө чейин бардым. Болгону зажигалка иштебей калып, аман калдым…
Менин каалоом жөнөкөй: Камчыбек Кыдыршаевич, силер дагы мен баскан жолду басып, акталып кетишиңизге тилектешмин, ийгилик!

Publication author

Comments: 10Publics: 353Registration: 30-11-2020