Кем­пир-Абад иши боюн­ча камак­та отур­ган акти­вист Марат Баязо­в­дун ден соолу­гу начар­лап жатат. Бул туу­ра­луу 18-июл­да анын жак­то­очу­су Эркин Садан­бе­ков бил­дир­ди.

Маа­лы­мат­ка ылай­ык, акти­вист мур­да мед­сан­бөлүк­кө ден соолу­гу­на дат­та­нып кай­ры­л­га­ны­на бай­ла­ны­штуу курал­дуу күзөт­түн кошто­осу менен жеке мен­чик кли­ни­ка­да тек­шерүүдөн өттү.

Садан­бе­ков Баязо­в­дун бей­тап бая­нын­да ага алкан бези­нин аде­но­ма­сы деген диа­гноз коюл­га­нын жаз­ды.

Жак­то­очу Баязов оору­ка­на­да дары­ла­ны­шы зарыл эке­нин бел­ги­леп, бул масе­ле боюн­ча Кый­ноо­л­ор­го кар­шы коа­ли­ция уюму­на жана Акый­кат­чы инсти­ту­ту­на кай­ры­луу жаса­га­нын айтты.

«Кло­оп» 19-июл­да акти­ви­ст­тин ден соолу­гу­на бай­ла­ны­штуу Жаза атка­руу мам­ле­кет­тик кыз­ма­ты­на бай­ла­ны­шу­у­га ара­кет кылып, бирок жооп ала алган жок.

Акти­вист Марат Баязов өткөн жылы 26-октябр­да «Мас­са­лык баша­ла­ман­дык уюшту­ру­у­га даяр­да­ну­у­га» шек­те­лип кар­мал­ган. Шек­түүнүн баш кор­гоо чара­сы узар­ты­лып келе жатат, ал эми алды­да­гы сот жара­я­ны 20-июл­га бел­ги­лен­ген.

Кем­пир-Абад иши

2022-жыл­дын октябрын­да Кем­пир-Абад суу сак­та­гы­чы­нын Өзбек­стан­га бери­ли­шине кар­шы чык­кан 30га чукул акти­вист жана сая­сат­чы кар­мал­ган. Күч орган­да­ры алар­га «Мас­са­лык баша­ла­ман­дык уюшту­ру­у­га даяр­дык көр­гөн» деген айып тагышкан.

Кар­мал­ган­дар­дын баары Кем­пир-Абад суу сак­та­гы­чы­нын Өзбек­стан­га өтү­шүн ачык сын­га алыш­кан, алар дал ошол ачык айты­л­ган сөздөрү өздөрүн кам­ак­ка алу­у­га негиз бол­гон деп келишет.

Акти­вист, сая­сат­чы­лар­дын кар­ма­лы­шын бир катар депу­тат­тар айып­тап, ал эми Human Rights Watch эл ара­лык укук кор­гоо уюму Кыр­гыз­стан­дын бий­ли­ги­нен кар­мал­ган­дар­дын баарын бошо­ту­у­га чакыр­ган.

2023-жыл­дын 26-июну­на кара­та бар­дык айып­та­лу­у­чу­лар­дын ичи­нен 14 адам тер­гөө изо­ля­то­рун­да калу­у­да: Бек­тур Аса­нов, Акыл Айт­ба­ев, Темир Махму­дов, Рав­шан Жээн­бе­ков, Куба­ныч­бек Кады­ров, Кеңеш­бек Дүй­шө­ба­ев, Жеңиш Мол­док­ма­тов, Марат Баязов, Азим­бек Бек­на­за­ров, Али Шаб­дан (Чынар­бек Шаб­дан уулу), Эрлан Бек­чо­ро уулу, Айдан­бек Акма­тов, Айбек Бузур­ман­ку­лов жана Илгиз Шаменов.