12 янва­ря 2021 в 12:58 Биш­кек Govori​.TV

Бүгүн, 12-январ­да Жогор­ку Сот­то Ош ОИИ­Би­нин мур­да­гы жек­тек­чи­си Абдыл­да Капа­ро­в­дун мур­да­гы өлкө баш­чы Соорон­бай Жээн­бе­ков­го жана анын ини­си Жогор­ку Кеңе­ш­тин депу­та­ты Асыл­бек Жээн­бе­ков­го кар­шы морал­дык зыян кел­ти­рүү боюн­ча өкү­мүнө дат­та­ну­усу карал­ды. Оту­рум­ду маа­лы­мат кара­жат­та­ры түз эфир­де чагылдырды.

Сот­то Абдыл­да Капа­ро­в­дун кызык­чы­лы­гын жак­то­очу Май­рам­бек Жума­бе­ков, экс-пре­зи­дент­тин жана анын бир туу­га­ны Асыл­бек Жээн­бе­ко­в­дун кызык­чы­лы­гын адво­кат Жыр­гал­бек Баба­ев кор­го­ду. Бирок күбө ката­ры чакы­ры­л­ган ага-ини Жээн­бе­ко­в­дор сот оту­ру­му­на кел­ген эмес.

Кеңе­шүү бөл­мөсүнөн чык­кан сот Абди­лат Капа­ро­в­дун адво­кат­та­ры­нын өтүнүчүн кана­ат­тан­ды­ру­у­дан баш тар­ты­шып, мурун­ку өкүм­дөр­дүн барды­гын күчүн­дө калтырышкан.

Эске сала кет­сек, Жогор­ку Сот­тун сот­тук кол­ле­ги­я­сы Ош ОИИ­Би­нин мур­да­гы жек­тек­чи­си Абдыл­да Капа­ров­го бай­ла­ны­штуу мате­ри­ал­дын ишин 2020-жыл­дын 16-декабрын­да карап баш­та­ган. Анда мур­да­гы өлкө баш­чы Сооро­бай Жээн­бе­ков менен Жогор­ку Кеңе­ш­тин депу­та­ты Асыл­бек Жээн­бе­ков жабыр­ла­ну­у­чу ката­ры чакы­ры­л­га­ны маалымдалган.

2010-жылы Капа­ров ал кез­де­ги Ош облу­стук адми­ни­стра­ци­я­сын жетек­теп тур­ган Соорон­бай Жээн­бе­ко­в­ду 3 мил­ли­он дол­лар­ды өзүнө ыйга­рып алды деген маа­лы­ма­ты үчүн жооп­кер­чи­лик­ке тар­ты­л­ган. Анда Капа­ров­го кара­та “Кыл­мыш жасал­ганды­гы туу­ра­луу атай­ы­лап жал­ган бил­ди­рүү жасоо”, “Этно­стор ара­лык, раса­лык, диний жана аймак­тар ара­лык кастык­ты козу­туу” бере­не­ле­ри боюн­ча кыл­мыш иши козголгон.

 

 

https://​govori​.tv/​z​h​o​g​o​r​k​u​-​s​o​t​t​o​-​b​i​r​-​t​u​u​g​a​n​-​z​h​e​e​n​b​e​k​o​v​d​o​r​g​o​-​k​a​r​a​t​a​-​d​a​t​t​a​n​u​u​-​i​s​h​i​-​k​a​r​a​l​dy/