Жогор­ку Сот­то Ош ОИИ­Би­нин мур­да­гы жек­тек­чи­си Абдыл­да Капа­ров мур­да­гы өлкө баш­чыСоорон­бай Жээн­бе­ков­го жана анын ини­си Жогор­ку Кеңе­ш­тин депу­та­ты Асыл­бек Жээн­бе­ков­го кар­шы морал­дык зыян кел­ти­рүү боюн­ча өкү­мүнө дат­та­ну­у­да. Бул туу­ра­лууSUPER​.KG пор­та­лы­на жак­то­очу Май­рам­бек Жума­бе­ков бил­дир­ди.

Сот­тук кол­ле­гия мате­ри­ал­дын ишин 16-декабр­да кара­ган. «Сот оту­ру­му­на жабыр­ла­ну­у­чу ката­ры чакы­ры­л­ган Соорон­бай Жээн­бе­ков менен Асыл­бек Жээн­бе­ков же алар­дын өкүл­дөрү кел­ген жок», — дейт Капа­ро­в­дун жак­то­очу­су Май­рам­бек Жумабеков.

«Алар мын­дай када­мы менен сот­ту жана про­цес­стин баш­ка каты­шу­у­чу­ла­рын сый­ла­ба­стыг­ын көр­сөт­тү. Биз алар­ды биз­дин жак­та­лу­у­чу Капа­ро­в­дон кан­дай жабыр тар­тка­нын айтып берүү үчүн чакыр­ган­быз» , — дейт. Жумабеков.

Буга чей­ин Абдыл­да Капа­ро­в­дун иши боюн­ча маа­лы­мат­ты Жогор­ку Сот бер­ген.

Оку­я­нын чоо-жайы:

2010-жылы Капа­ров ал кез­де­ги Ош облу­стук адми­ни­стра­ци­я­сын жетек­теп тур­ган Соорон­бай Жээн­бе­ко­в­ду 3 мил­ли­он дол­лар­ды өзүнө ыйга­рып алды деген маа­лы­ма­ты үчүн жооп­кер­чи­лик­ке тар­ты­л­ган. Анда Капа­ров­го кара­та «Кыл­мыш жасал­ганды­гы туу­ра­луу атай­ы­лап жал­ган бил­ди­рүү жасоо», «Этно­стор ара­лык, раса­лык, диний жана аймак­тар ара­лык кастык­ты козу­туу» бере­не­ле­ри боюн­ча кыл­мыш иши козголгон.

Ал эми 2017-жылы Абдыл­да Капа­ров бир туу­ган Жээн­бе­ко­в­дор­го морал­дык зыян кел­тир­ге­ни үчүн төлөп берүү­гө мил­дет­тен­ди­ри­л­ген 250 миң сомго жакын кара­жат­ты төлөп бер­бе­ге­ни үчүн кай­ра­дан соттолгон.

 

Автор: Бак­тыг­үл Султаналиева


https://​www​.super​.kg/​k​a​b​a​r​/​n​e​w​s​/​3​3​7​8​13/