Бүгүн, 30-апрел­де Жогор­ку Сот­то абак­та­гы сая­сат­чы Садыр Жапа­ро­в­дун соту ула­ну­у­да. 23-апрел­де сот­тук иши 30-апре­л­ге жыл­ды­ры­л­ган бол­чу. Мын­дай чечим Жогор­ку Сот­тун сот­тук кол­ле­ги­я­сы­на кара­та адво­кат­тар ише­ним көр­сөт­пө­гөн­дөн кий­ин кабыл алынган.

16:03. Оту­рум саат 16:00дө башта­ла­ры айты­л­ган. Учур­да ЖМК өкүл­дөрүнүн ара­сы­нан видео­опе­ра­тор­лор, Жапа­ро­в­дун жакын­да­ры сот залы­на кир­ги­зил­ди. Оту­рум­га каты­шуу үчүн кел­ген­дер сот залы­нын тарды­гы­на наара­зы­чы­лы­гын айтышууда.

16:09. Сот залы­на сот­тук кол­ле­ги­я­нын мүчөлөрү кел­ди. Сот­тук оту­рум ачык деп жарыяланды.

16:12. Аде­ген­де Жапа­ро­в­дун жак­то­очу­ла­ры — Замир­бек Базар­бе­ковШара­би­дин Ток­то­су­нов,Бак­ты­бек Аса­му­ди­новАкин Ток­та­ли­евАида Абды­рах­ма­но­ваИма­ра­лы Эшма­товтаа­ны­шты­рыл­ды. Сот алар­дан сот­тук кол­ле­гия мүчөлөрүнө кар­шы­лык­тар жок­пу деп сурап, кар­шы­лык жок деген жооп­ту алды. Сот залын­да­гы­лар­дан видео­го жана сүрөт­кө тар­ту­у­га урук­сат берүү өтүнүчү кел­ти­ри­лип, сот­тук кол­ле­гия каме­ра­нын объ­ек­ти­вин сот­тор тарап­ка эмес, зал тарап­ка буруп алып тар­ту­у­га урук­сат бери­ше тур­га­нын айтышты.

16:23. Оту­рум­да Садыр Жапа­ров­го коз­гол­гон кыл­мыш иш жана буга чей­ин­ки сот­тор­дун чечим­де­ри угулууда.

https://​www​.super​.kg/​k​a​b​a​r​/​n​e​w​s​/​2​7​0​4​93/


/