Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун соту уланууда. 23-апрелде соттук иши 30-апрелге жылдырылган болчу. Мындай чечим Жогорку Соттун соттук коллегиясына карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алынган.
16:03. Отурум саат 16:00дө башталары айтылган. Учурда ЖМК өкүлдөрүнүн арасынан видеооператорлор, Жапаровдун жакындары сот залына киргизилди. Отурумга катышуу үчүн келгендер сот залынын тардыгына нааразычылыгын айтышууда.
16:09. Сот залына соттук коллегиянын мүчөлөрү келди. Соттук отурум ачык деп жарыяланды.
16:12. Адегенде Жапаровдун жактоочулары — Замирбек Базарбеков, Шарабидин Токтосунов,Бактыбек Асамудинов, Акин Токталиев, Аида Абдырахманова, Имаралы Эшматовтааныштырылды. Сот алардан соттук коллегия мүчөлөрүнө каршылыктар жокпу деп сурап, каршылык жок деген жоопту алды. Сот залындагылардан видеого жана сүрөткө тартууга уруксат берүү өтүнүчү келтирилип, соттук коллегия камеранын объективин соттор тарапка эмес, зал тарапка буруп алып тартууга уруксат берише турганын айтышты.
16:23. Отурумда Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иш жана буга чейинки соттордун чечимдери угулууда.
https://www.super.kg/kabar/news/270493/
/