Эркин Садан­бе­ков

Кыр­гыз­стан адво­кат­та­ры­нын ассо­ци­а­ци­я­сы Кем­пир-Абад масе­ле­си боюн­ча жапырт кар­мал­ган­дар­дын ишин жашы­ру­ун кылу­у­ну «мый­зам­сыз» деп ата­ды. Бул туу­ра­луу ассо­ци­а­ци­ядан 19-январ­да бил­ди­риш­ти.

Ал эми ассо­ци­а­ци­я­нын мүчөсү Эркин Садан­бе­ков «Кло­оп­ко» иш жашы­ру­ун бол­со камал­ган­дар­дын сот­тук териш­ти­рүүсү «адилет­түү бол­бой калы­шы мүм­күн» деп белгиледи.

«Бирин­чи май рай­он­дук сотун­да­гы, Биш­кек шаар­дык сотун­да­гы про­цес­стер­ге камал­ган­дар­дын туу­ган­да­ры, жур­на­ли­ст­тер, коомчу­лук каты­шты, күбө бол­ду. Маа­лы­мат кара­жат­та­рын­да кеңи­ри эле чагыл­ды­ры­лып жат­ты. Бул иште эч кан­дай сыр жок, бүт өлкө көр­дү», — деди ал.

Садан­бе­ков, «жашы­ру­ун» мака­мы­нын бери­ли­шине бар­дык жак­то­очу­лар наара­зы эке­нин кошумчалады.

18-январ­да ИИМ Кем­пир-Абад ишин толук жашы­ру­ун кыл­ган. Сот­тук про­цес­стер жабык өтүп тур­май болгон.

Кем­пир-Абад иши

Кем­пир-Абад иши боюн­ча кар­мал­ган­дар­дын бир бөлү­гү. Сүрөт: Кол­лаж

2022-жыл­дын октябрын­да Кем­пир-Абад суу сак­та­гы­чын Өзбек­стан­га бери­ли­шине кар­шы чыгып, бий­лик­ти сын­да­ган сая­сат­чы­лар жана акти­ви­ст­тер мас­са­лык түр­дө кар­мал­ган. Жал­пы­сы­нан Кем­пир-Абад иши боюн­ча кар­мал­ган­дар­дын саны 30га чукулдаган.

Алар­дын бир бөлү­гү 22-октябр­да түзүл­гөн Кем­пир-Абад суу сак­та­гы­чын кор­гоо коми­те­ти­нин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ алар­га кара­та «Мас­са­лык баша­ла­ман­дык­тар­ды уюшту­ру­у­га даяр­дык көрүү» бере­не­си менен айып так­кан. Кар­мал­ган­дар­дын дээр­лик баары Биш­кек­те­ги ТИЗО-1ге кам­ак­ка алын­ган.

Алар күнөөлөрү жок­ту­гун, алар­га кар­шы иштер «токул­га­нын» айтып кели­шет. Ошон­дой эле Кем­пир-Абад боюн­ча пози­ци­я­сын ачык айтып чык­кан­дык­тан кыл­мыш куу­гун­ту­гу болуп жатат деп эсеп­те­шет. Кам­ак­ка алу­у­га наара­зы­лык бил­ди­рип 19 адам эки жума­дан ашык ачка­чы­лык жары­я­ла­ган.

Жый­ыр­ма­дан ашык сая­сат­чы менен акти­ви­ст­тин кар­ма­лы­шын бир катар депу­тат­тар айып­тап, ал эми Human Rights Watch эл ара­лык укук кор­гоо уюму бий­лик­ти кар­мал­ган­дар­дын баарын бошо­ту­у­га чакыр­ган.

https://​ky​.kloop​.asia/​2​0​2​3​/​0​1​/​2​0​/​a​d​v​o​k​a​t​t​a​r​-​a​s​s​o​t​s​i​a​t​s​i​y​a​s​y​-​k​e​m​p​i​r​-​a​b​a​d​-​b​o​y​u​n​c​h​a​-​k​a​m​a​l​g​a​n​d​a​r​d​y​n​-​i​s​h​i​n​-​z​h​a​s​h​y​r​u​u​n​-​k​y​l​u​u​-​m​y​j​z​a​m​s​yz/