Руслан Бекназаров
Камчыбек Кыдыршаевич бүгүнкү кайрылуусунда «Кемпир-Абадчыларды» кошпой эле койсо болмок экен. Бул кайрылуусунда Өзү кызматтан кеткен соң гана, Президент Садыр Жапаров адилеттүүлүктү орнотуп, «Кемпир-Абадчылар» акталганын моюнга алып жатат. «Кемпир-Абадчылар» акталды деп жыйынтыгын айтыш оңой болгону менен, 3 жыл СИЗОдо, 2 жыл сотко жумасына 3 жолу каттоо, ошол убакта көргөн зулумдуктары, түйшүктөрүнө ким жооп берет?! Камчыбек Кыдыршаевичтин бүгүнкү кайрылуусуна маани берсек, жоопкерчилик «Генералдык» моюнуна жүктөлөт!
Төмөндө «Генералдын» кайрылуусу өзгөртүүсүз берилет
Генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу:
“Урматтуу эл-журт!
Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө.
Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам.
Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты.
Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм.
Мен үчүн кыжаалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтамын, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот.”
29.04.2026

Автор публикации
не в сети 1 час

