Адво­кат Чына­ра Жаку­п­бе­ко­ва Кем­пир-Абад масе­ле­си боюн­ча тер­гөөчү Улан Жапе­ков мый­зам­сыз ара­кет­тер­ди жасап жатка­нын Фейс­бук барак­ча­сы аркы­луу бил­дир­ди. Жапе­ко­в­дун мын­дай ара­ке­ти далил­дер­дин жок­ту­гун жана айып­то­онун ойдон чыга­ры­л­га­нын жашы­руу мак­са­тын­да жаса­лып жатка­нын белгиледи.

-Тер­гөөчү Жапе­ков Кем­пир-Абад иши боюн­ча айып­тал­ган­дар­дын иши боюн­ча мый­зам­сыз ара­кет­тер­ди жасо­ого маж­бур­лап жатат. Айып­тоо акты­сы­нын көчүр­мөсүн алуу боюн­ча тил кат­тын орду­на, айып­то­очу акты­да кам­ты­л­ган маа­лы­мат­тар­ды жай­ы­лт­по­ого тил кат берүү­гө адво­кат­тар­ды маж­бур­лап жатат. Жапе­ко­в­дун мын­дай ара­ке­ти далил­дер­дин жок­ту­гун жана айып­то­онун ойдон чыга­ры­л­га­нын жашы­руу мак­са­тын­да жасалууда,-деди адво­кат Жакупбекова.

Буга чей­ин Кем­пир-Абад иши боюн­ча бас­ма сөз кон­фе­рен­ци­я­сын­да катыш­кан баш­ка адво­кат­тар да айып­та­лып жаткан­дар­дын гана эмес, адво­кат­тар­дын да уку­гу бузу­луп кел­ге­нин билдиришти. 

Адво­кат Кан­те­мир Тур­да­ли­ев­дин “Полит­Кли­ни­ка” медиа­сы­нын Тет-а-Тет берүүсүн­дө тер­гөөдө­гү мый­зам­сыздык­тар туу­ра­луу айткан­да­ры бул шил­те­ме­де.

Был­тыр 23-октябр­да Биш­кек­те жый­ыр­ма­дан ашык оппо­зи­ци­я­лык сая­сат­чы­лар менен акти­ви­ст­тер­дин үйүн­дө тин­түү жүр­гүзүлүп, аде­ген­де 48 саат­ка камал­ган сая­сат­чы­лар жана акти­ви­ст­тер Биш­кек шаары­нын Бирин­чи май рай­он­дук соту­нун чечи­ми менен эки айга кам­ак­ка алын­ган. Андан кий­ин алар­дын бөгөт чара­ла­ры кара­лып, камак­та­гы мөөнөтү узар­ты­лып турган.

Ички иштер мини­стр­ли­ги­нин (ИИМ) Тер­гөө кыз­ма­ты кыл­мыш жаза кодек­си­нин 36-278-бере­не­си («Мас­са­лык баша­ла­ман­дык­тар­ды уюшту­ру­у­га даяр­да­нуу») менен коз­гол­гон кыл­мыш иштин алка­гын­да тер­гөө амал­да­рын жүр­гүзүп жаткан. Мын­дан тыш­ка­ры «Кем­пир-Абад иши» боюн­ча кар­мал­ган­дар­га «Бий­лик­ти күч менен басып алу­у­га ара­кет кылуу» бере­не­си менен да айып­тар тагылган.

Кем­пир-Абад­ды кор­гоо коми­те­ти түзүлүп, анын ката­ры­на Мам­бет­жу­нус Абы­лов, Асия Сасык­ба­е­ва, Ада­хан Маду­ма­ров, Кла­ра Соорон­ку­ло­ва, Исхак Маса­ли­ев, Жеңиш Мол­док­ма­тов, Канат­бек Иса­ев, Гүл­на­ра Жура­ба­е­ва, Кеңеш­бек Дүй­шө­ба­ев,  Гүл­га­а­кы Мама­са­ли­е­ва, Азим­бек Бек­на­за­ров, Эркин­гүл Иман­ко­жо­е­ва, Рав­шан Жээн­бе­ков, Ыргал Кады­ра­ли­е­ва, Бек­тур Аса­нов, Рита Кара­сар­то­ва,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Дани­яр Акма­тов, Эрлан Бек­чо­ро­ев жана баш­ка­лар кирген.

Сүрөт­тө: Кем­пир-Абад иши боюн­ча айып­тал­ган­дар­дын тобу. Интер­нет булактарынан.

https://​pk​.kg/​n​e​w​s​/​i​n​n​e​r​/​k​e​m​p​i​r​-​a​b​a​d​-​i​s​h​i​-​t​e​r​g​-​c​h​-​z​h​a​p​e​k​o​v​-​m​y​j​z​a​m​s​y​z​-​a​r​a​k​e​t​t​e​r​d​i​-​z​h​a​s​a​p​-​z​h​a​t​k​a​n​d​y​g​y​-​a​j​t​y​l​u​u​da/