Кем­пир-Абад иши­нин фигу­рант­та­ры­на дагы бир айып тагыл­ды. Бул жолу алар Жазык кодек­си­нин «Бий­лик­ти күч менен басып алуу» жана «Бий­лик­ти күч менен басып алу­у­га  чакы­руу» бере­не­ле­ри боюн­ча айыпталууда.
Бул туу­ра­луу «Азаттык­ка» кар­мал­ган акти­ви­ст­тер­дин бири Али Шаб­дан­дын жубайы Нурай­ым Сыды­га­ли­е­ва бил­дир­ди. Анын айты­мын­да, ишке Али Шаб­дан­дын Фейс­бук­та жары­я­ла­ган эски пост­то­рун тир­кеш­кен. Анда ал өлкөдө кази­но ачу­у­га кар­шы чыгып, бло­гер Ырыс Жек­ше­на­ли­ев­ди бошо­ту­у­га үндөгөн.

Акти­ви­ст­тер­ге жаңы айып тагы­л­га­нын камак­та­гы сая­сат­чы Рав­шан Жээн­бе­ко­в­дун адво­ка­ты Разак Ашим­ба­ев да ырас­та­ды. Юрист ал да бий­лик­ти басып алу­у­га айып­та­лып жатка­нын белгиледи.

«Меним­че, алар барды­гы­на айып тагы­шат. Биз­ге айып жөнүн­дө рас­мий түр­дө маа­лым­да­шты, бирок иш менен таа­ны­шу­у­га азы­рын­ча урук­сат бери­ле элек. Алар кар­мал­ган­дар­дын баары­нын соци­ал­дык түй­үн­дөрүнө экс­пер­ти­за жүр­гүзүп, ошо­нун неги­зин­де айып тагып жаты­шат» деди адвокат.

Жазык кодек­си­нин «Бий­лик­ти күч менен басып алуу» бере­не­син­де мүлк­тү кон­фис­ка­ци­я­лоо менен 10 жыл­дан 15 жыл­га чей­ин­ки мөөнөт­кө эрки­нен ажы­ра­туу жаза­сы карал­ган. «Бий­лик­ти күч менен басып алу­у­га ачык чакы­рык жасоо» үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чей­ин айып­пул же 3 жыл­дан 5 жыл­га чей­ин эрки­нен ажы­ра­туу жаза­сы бар.

2022-жыл­дын октябрын­да Өзгөн­дө кыр­гыз-өзбек чек ара­сын­да­гы Кем­пир-Абад суу сак­та­гы­чы­нын жери Өзбек­стан­га өтүп жатка­ны­на наара­зы­лык бил­дир­ген­дер­дин жый­ы­ны өткөн.

Андан кий­ин кура­мы­на бир топ бел­ги­лүү сая­сат­чы, акти­вист, укук кор­го­очу жана жаран­дык акти­вист кир­ген «Кем­пир-Абад­ды кор­гоо коми­те­ти» жаран­дык бирик­ме­си түзүл­гөн. Көп өтпөй алар­дын 20дан ашы­гы кам­ак­ка алын­ган. Мын­дан сырт­ка­ры алар­га тилек­теш дагы бир нече адам кармалган.

Кем­пир-Абад иши боюн­ча бөгөт чара­сы 17-апрел­де карал­ган­дар­дын баары­нын камак­та­гы мөөнөтү эки айга узар­ты­лып жатат. Буга чей­ин акти­ви­ст­тер Али Шаб­дан, Эрлан Бек­чо­ро уулу, Айбек Бузур­ман­ку­лов, жур­на­лист Айдан­бек Акма­тов, Кеңеш­бек Дүй­шө­ба­ев, Бек­тур Аса­нов, Тимур Махму­дов, Акыл Айт­ба­ев, Рав­шае Жээн­бе­ков  Куба­ныч­бек Кады­ров,  Азим­бек Бек­на­за­ров  Жеңиш Мол­док­ма­тов, Атай Бей­шен­бек, Марат Баязов жана Иль­гиз Шаме­но­в­дун камак­та­гы мөөнөтү эки айга узар­тыл­ды. 19-апрел­де Рита Кара­сар­то­ва­нын камак­та­гы мөөнөтү дагы эки айга, 20-июн­га чей­ин узартылды.

Бул ишке бай­ла­ны­штуу тер­гөө аба­гын­да отур­ган Иль­гиз Шаме­нов 10-апрел­де оору­ка­на­га жат­кы­ры­л­га­ны кабар­лан­ган. Пери­зат Сура­но­ва, Оро­зай­ым Нар­ма­то­ва, Нур­лан­бек Асан­бе­ков, Талант­бек Эша­ли­ев мур­да сала­мат­тыг­ы­нан улам үй кама­гы­на чыгарылган.

Кем­пир-Абад иши боюн­ча кам­ак­ка алын­ган­дар­дын ара­сы­нан 12-апрел­де Кла­ра Соорон­ку­ло­ва, Мам­бет­жу­нус Абы­лов, Асия Сасык­ба­е­ва, Улук­бек Мама­та­ев, Гүл­на­ра Жура­ба­е­ва, Чың­гыз Капа­ров үй кама­гы­на бошотулган.

Был­тыр 23-24-октябр­да Кыр­гыз­стан­да оппо­зи­ци­я­лык маа­най­да­гы бир топ сая­сат­чы, укук кор­го­очу, акти­вист жана бло­гер, жал­пы­сы­нан 26 адам жапырт кар­мал­ган.  Алар – Жогор­ку Кеңе­ш­тин мур­да­гы вице-спи­ке­ри Асия Сасык­ба­е­ва, мур­да­гы депу­тат­тар Рав­шан Жээн­бе­ков, Куба­ныч­бек Кады­ров, Азим­бек Бек­на­за­ров, Оро­зай­ым Нар­ма­то­ва, Кон­сти­ту­ци­я­лык сот­тун мур­да­гы судья­сы Кла­ра Соорон­ку­ло­ва, укук кор­го­очу Рита Кара­сар­то­ва, Коо­п­суз­дук кеңе­ши­нин мур­да­гы кат­чы­сы Кеңеш­бек Дүй­шө­ба­ев, Бор­шай­ком­дун мур­да­гы мүчөсү Гүл­на­ра Жура­ба­е­ва, акти­ви­ст­тер Илгиз Шаме­нов, Улук­бек Мама­та­ев, Акыл­бек Айт­ба­ев, Али Шаб­дан, Чың­гыз Капа­ров, Марат Баязов, Таа­лай­бек Маде­ми­нов, Атай Бей­шен­бек, Пери­зат Сура­но­ва, Талас облу­су­нун мур­да­гы баш­чы­сы Айбек Бузур­ман­ку­лов, Жалал-Абад облу­су­нун мур­да­гы жетек­чи­си Бек­тур Аса­нов, жур­на­лист Айдан­бек Акма­тов жана башкалар.
Алар­дын бөгөт чара­сы улам-улам узар­ты­лып, абак­та кар­ма­лу­у­да. Айрым­да­ры үй кама­гы­на чыгарылды.
Буга чей­ин Ички иштер мини­стр­ли­ги­нин (ИИМ) Тер­гөө кыз­ма­ты кыл­мыш жаза кодек­си­нин 36-278-бере­не­си («Мас­са­лык баша­ла­ман­дык­тар­ды уюшту­ру­у­га даяр­да­нуу») менен коз­гол­гон кыл­мыш иштин алка­гын­да тер­гөө жүр­гүзүп жатка­нын бил­дир­ди.

Айып­тал­ган­дар өздөрүнө коз­гол­гон иштер­ди сая­сий куу­гун­тук деп атап келет. Пре­зи­дент Садыр Жапа­ров был­тыр 17-декабр­да «Кабар» маа­лы­мат агент­ти­гине кур­ган мае­гин­де, Кем­пир-Абад масе­ле­си абак­та жаткан­дар үчүн «төңкөрүш кылып бий­лик­ти алма­шты­руу ара­ке­тине тек гана шыл­тоо бол­гон» деп айткан.

Кем­пир-Абад иши: Айып­та­лу­у­чу­лар бий­лик­ти басып алу­у­га чакы­рык жасо­ого шектелүүдө