АКИpress —  БУУ­нун Афга­ни­стан­да­гы атай­ын өкүлү Роза Отун­ба­е­ва 29-авгу­ст­та Биш­кек­те­ги 1-тер­гөө аба­гы­на бар­ды. Бул маа­лы­мат­ты жак­то­очу Эркин Садан­бе­ков билдирди.

Жак­то­очу­нун маа­лы­ма­ты боюн­ча, Р.Отунбаева Убак­ты­луу өкмөт­түн мүчөлөрү — Азим­бек Бек­на­за­ров, Бек­тур Аса­нов жана Кеңеш­бек Дүй­шө­ба­ев менен жолу­гу­шту. Алар Кем­пир-Абад суу сак­та­гы­чын кор­гоо коми­те­тине бай­ла­ны­штуу кам­ак­ка алынган.

«Роза Иса­ков­на өзү деми­л­ге­леп, 1-тер­гөө аба­гы­на бар­ды. Аны менен сүй­лөш­көн камак­та­гы жаран­дар күнөөсүн мой­ну­на албай тур­га­нын айты­шты», — деди Саданбеков.

Ошон­дой эле май­рам­дык сал­та­нат­та бий­лик өкүл­дөрүнө жолук­са, сот­ту ачык өткөрүү сура­ны­чын жет­ки­рүүнү өтүнүшкөн.