
Активист Марат Баязов поблагодарил Розу Отунбаева за «передачку»
АКИpress — БУУнун Афганистандагы атайын өкүлү Роза Отунбаева 29-августта Бишкектеги 1-тергөө абагына барды. Бул маалыматты жактоочу Эркин Саданбеков билдирди.
Жактоочунун маалыматы боюнча, Р.Отунбаева Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү — Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Кеңешбек Дүйшөбаев менен жолугушту. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине байланыштуу камакка алынган.
«Роза Исаковна өзү демилгелеп, 1-тергөө абагына барды. Аны менен сүйлөшкөн камактагы жарандар күнөөсүн мойнуна албай турганын айтышты», — деди Саданбеков.
Ошондой эле майрамдык салтанатта бийлик өкүлдөрүнө жолукса, сотту ачык өткөрүү суранычын жеткирүүнү өтүнүшкөн.