К.Ташиевге Кемпир-Абадчы катары жооп бербесем болбойт. «Өөй Ташиев!» колго түштүңбү?!

Камчыбек Ташиевди бир сөз менен «оппортунист» десек так жарашчудай. К. Ташиев саясий тарыхында бириккен саясатчылардын баарын ара жолдо калтырып келген экен. Өзүңөр деле эстеп, эсептеп көрсөңөр болот…
Өзүңүздү, 75 аксакалыңызды, Шакиев, Зулушувуңарды бизге теңебегиле жана салыштырууга дагы акыңар жок! Биздин аксакалдар, эжелер баскан жолду, көргөн күндү бассаңар боздоп чыгасыңар. Мен биздин Кемпир-Абадчылар менен сыймыктанам жана мактанам. Ташиев, Шакиев, Зулушев биздей болуп СИЗОдо отуруп 3.5 жыл күрөшө аласыңарбы? Жок.) СИЗОдо отурганда «тар жолдон жолугабыз!»- деп кайрылуу дагы кылдым эле. Жолуктук. Өзүңүз микрофон сундуңуз. Биз чекеден жооп бере берели…
Бийликте туруп бийликке жутунуп ушу күнгө келдиңиз. Эми тилиңиз жулунуп, кезеген колуңуз сынып, саясий-майып болдуңуз. Эми бизге тийишпеңиз! Эстетип коеюн: Сиз бизди кабыл алганда «кызыл желек көтөрсөңөр кызылды, жашыл көтөрсөңөр жашылды көтөрөм»- деп зекидиңиз эле. Эми биз дагы ушул соболду сизге салабыз!…

P.S. Баягы справканы көрсөтүп чыкмай жок😀

#бумеранг

Publication author

Comments: 10Publics: 351Registration: 30-11-2020