Кемпир-Абад иши: Активист Камчыбек Ташиевге жооп берди
“Кемпир-Абад” ишиндеги айыпталуучулардын бири, активист Атай Бейшенбек УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп берди.
“Камакта жатсак да күнү-түнү камераны тинтип, басым-кысым көрсөтүп, актоо өкүмүн чыгарган Биринчи Май райондук соту Марат Сыдыковго куугунтук кылганын ким танат?! Акыры Маратты кет деп, ал арызын жазганда Садыр Жапаров арызын артка кайтарганын ким танат?!
Камчыбек Ташиев 25 кишинин акталуусун мисал келтирем деп – бизге микрофон узатты, келгиле жооп берели”,- деди активист.
Президент Садыр Жапаров аты аталган сотту кызматтан албай койгонун буга чейин Ош шаарында эл менен жолугушууда айткан.
Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун тастыктап, бирок күнөөсү жок, “кемпирабадчылар” да акталганын айтты.
27-мартта “Кемпир-Абад” иши боюнча айыпталгандар акталган.
2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтөрүнө каршы болгон саясатчы, укук коргоочу жана активисттер кармалган.

Publication author
offline 4 hours

