Страница загружается

2025-жылдын 20-ноябрында Цзянси провинциясынын Нанчань шаарында Кыргызстандын Адвокаттар ассоциациясынын делегациясын Кытайдын белгилүү QZ&WD (JIANGXI) LAW FIRM юридикалык компаниясынын адвокаттары жылуу тосуп алышып, эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу башталардан мурун кыргыз делегациясына аталган юридикалык фирманын жеке менчикке таандык болгон чоң кеңсесинин коридорлору жана бөлмөлөрү боюнча экскурсия уюштурулду. Меймандарга компаниянын түзүлүү тарыхы, структурасы, филиалдары, кызматкерлеринин саны боюнча маалымат берилди, ошондой эле кытайлык кесиптештер өздөрүнүн адвокаттык практикалары менен бөлүшүштү.

Кыргыз делегациясын кеңсе ичиндеги LED-экранга кыргыз тилинде жазылган куттуктоо сөзү абдан кубантты. Буга өзгөчө токтоло кетсек, кытайлык өнөктөштөр меймандарды тосуп алуу алдында куттуктоо текстин кыргыз тилинде туура даярдоо үчүн атайын квалификациялуу котормочуну жалдагандыгы белгиленди.

Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Борбордук Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстанда да ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишкерлерге юридикалык кызмат көрсөтүү тармагында тыгыз кызматташуу жөнүндө келишимге келишти. Кытайлык адвокаттардын Борбордук Азияга болгон кызыгуусу Кытай Эл Республикасынан чыккан ири корпорациялардын биздин аймакта бизнес жүргүзүү процессинде юридикалык жардамга болгон суроо-талаптын өсүп жатканы менен байланыштуу экендиги белгиленди.

Ошондой эле тараптар келишим түзүүдө мүмкүн болуучу талаш-тартыштарды чечүү үчүн Борбордук-Азиялык Эл аралык Арбитраждык Соттун арбитраждык оговоркасын колдонууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кел сүйлөшүүлөрдүн расмий бөлүгү аяктагандан кийин тараптар салтанаттуу түрдө өз ара баалуу белектерди тапшырып, бекем кол алышып, мындан аркы кызматташтык боюнча ишенимдүү маанайда сүйлөштү.

 

QZ&WD (JIANGXI) LAW FIRM

 

Authorization
*
*
Registration
*
*
*
A password has not been entered
*
Password generation