2025-жыл­дын 20-ноябрын­да Цзян­си про­вин­ци­я­сы­нын Нан­чань шаарын­да Кыр­гыз­стан­дын Адво­кат­тар ассо­ци­а­ци­я­сы­нын деле­га­ци­я­сын Кытай­дын бел­ги­лүү QZ&WD (JIANGXI) LAW FIRM юри­ди­ка­лык ком­па­ни­я­сы­нын адво­кат­та­ры жылуу тосуп алы­шып, эки тарап­туу өз ара пай­да­луу кыз­мат­та­штык масе­ле­ле­рин талкуулашты.

Жолу­гу­шуу башта­лар­дан мурун кыр­гыз деле­га­ци­я­сы­на атал­ган юри­ди­ка­лык фир­ма­нын жеке мен­чик­ке таан­дык бол­гон чоң кең­се­си­нин кори­дор­ло­ру жана бөл­мөлөрү боюн­ча экс­кур­сия уюшту­рул­ду. Мей­ман­дар­га ком­па­ни­я­нын түзүлүү тарыхы, струк­ту­ра­сы, фили­ал­да­ры, кыз­мат­кер­ле­ри­нин саны боюн­ча маа­лы­мат берил­ди, ошон­дой эле кытай­лык кесип­те­ш­тер өздөрүнүн адво­кат­тык прак­ти­ка­ла­ры менен бөлүшүштү.

Кыр­гыз деле­га­ци­я­сын кең­се ичин­де­ги LED-экран­га кыр­гыз тилин­де жазы­л­ган кут­тук­тоо сөзү абдан кубант­ты. Буга өзгөчө ток­то­ло кет­сек, кытай­лык өнөк­тө­штөр мей­ман­дар­ды тосуп алуу алдын­да кут­тук­тоо тек­стин кыр­гыз тилин­де туу­ра даяр­доо үчүн атай­ын ква­ли­фи­ка­ци­я­луу котор­мо­чу­ну жал­да­ганды­гы белгиленди.

Өткөрүл­гөн сүй­лө­шүүлөр­дүн жый­ын­тыг­ын­да тарап­тар Бор­бор­дук Азия айма­гын­да, анын ичин­де Кыр­гыз­стан­да да ири инфра­струк­ту­ра­лык дол­бо­ор­лор­ду ишке ашы­рып жаткан ишкер­лер­ге юри­ди­ка­лык кыз­мат көр­сөтүү тар­ма­гын­да тыг­ыз кыз­мат­та­шуу жөнүн­дө кели­шим­ге келиш­ти. Кытай­лык адво­кат­тар­дын Бор­бор­дук Ази­я­га бол­гон кызыг­у­усу Кытай Эл Рес­пуб­ли­ка­сы­нан чык­кан ири кор­по­ра­ци­я­лар­дын биз­дин аймак­та биз­нес жүр­гүзүү про­цес­син­де юри­ди­ка­лык жар­дам­га бол­гон суроо-талап­тын өсүп жатка­ны менен бай­ла­ны­штуу экен­ди­ги белгиленди.

Ошон­дой эле тарап­тар кели­шим түзүүдө мүм­күн болу­у­чу талаш-тар­ты­штар­ды чечүү үчүн Бор­бор­дук-Ази­я­лык Эл ара­лык Арбит­раж­дык Сот­тун арбит­раж­дык ого­вор­ка­сын кол­до­ну­у­га даяр экен­дик­те­рин билдиришти.

Кел сүй­лө­шүүлөр­дүн рас­мий бөлү­гү аяк­та­ган­дан кий­ин тарап­тар сал­та­нат­туу түр­дө өз ара баа­луу белек­тер­ди тап­шы­рып, бекем кол алы­шып, мын­дан аркы кыз­мат­та­штык боюн­ча ише­ним­дүү маа­най­да сүйлөштү.

 

QZ&WD (JIANGXI) LAW FIRM