-Бирик­кен Улут­тар Уюму­нун адам укук­та­ры боюн­ча жогор­ку комис­са­ры­нын Башкармалыгына

-Евро­па Кеңе­ши­нин, АКШ­нын, Улуу Бри­та­ни­я­нын, Фран­ци­я­нын, Гер­ма­ни­я­нын Кыр­гыз­стан­да­гы элчилерине

-Эл ара­лык жана Кыр­гыз­стан­дын укук кор­гоо уюмдарына

-ЖМКлар­га

 

Биз, эки жыл­дан бери камак­та­гы жана жабык сот аркы­луу сот­то­луп Кем­пир-Абад­чы­лар, Сиз­дер­ге, биз­дин адво­кат­та­ры­быз: Эркин Булек­ба­ев, Эркин Садан­бе­ков, Акин Ток­та­ли­ев, Жаныш Бара­ков, Акыл­бек Аба­з­бе­ков, Асель Аргым­ба­е­ва, Чына­ра Жаку­п­бе­ко­ва, Бакыт Автан­дил, Раби­га Сады­ко­ва, Кан­те­мир Тур­да­ли­ев, Акын­бек Ного­ев жана Мунар­бек Супа­та­ев­тер­ге кара­та бий­лик, судья Марат Сыды­ков жана укук кор­гоо орган­да­ры тара­бы­нан болуп аикан басым­дар жана куу­гун­тук­тар боюн­ча кайрылуудабыз.

Судья Марат Сыды­ков жабык сот аркы­луу про­ку­рор­лор менен бир­ге биз­дин, айып­та­лу­у­чу­лар­дын укук­та­рын систе­ма­луу түр­дө буз­га­ны аз кел­ген­сип, сот­тун жабык­тыг­ы­нан пай­да­ла­нып, биз­дин адво­кат­та­ры­бы­здын Кон­сти­ту­ци­я­сы, эл ара­лык кон­вен­ци­я­лар­да, мый­зам­дар­да карал­ган ооруу, баш­ка кар­дар­ла­ры­нын сот­то­ру­на жана тер­гөө иште­рине каты­шуу, эмгек укук­та­ры сыяк­туу — жүй­өлүү себеп­тер менен сот­ко кел­бей калуу укук­та­ры­нан кор­ку­туу жана басым аркы­луу ажы­ра­ту­у­да. Сыды­ков бел­ги­лүү адво­кат Акин Ток­та­ли­ев­ти “адво­кат­тык лицен­зи­я­сы жарак­сыз” деген жал­ган маа­лы­мат­ка тая­нып сот­ко каты­шу­у­га тыю сал­ды, адво­кат­тар Э.Булекбаевтин, А.Абазбековтун, Э.Саданбековтун адво­кат­тык лицен­зи­я­ла­рын, эч кан­дай негиз­сиз, чакыр­тып алуу боюн­ча КРсы­нын юсти­ция мини­стр­ли­гин кай­рыл­ды жана ушул жол менен баш­ка адво­кат­тар­ды коркутууда.

Биз­дин маа­лы­мат­ты­быз боюн­ча, адво­кат Э.Булекбаевтин адво­кат­тык лицен­зи­я­сын чакыр­тып алуу масе­ле­сине, Гене­рал­дык про­ку­рор Кур­ман­кул Зулу­шев дагы кий­ли­ги­шип адво­кат­тар­дын Эти­ка­лык комис­си­я­сы­на кат жолдоду.

Буга кошум­ча, биз­дин адво­кат­та­ры­бы­здын сот про­цес­син кели­шин УКМК көзө­мөл­дөй баштады.

УКМК кыз­мат­кер­ле­ри, ооруп аткан адво­кат­тар Э.Саданбековту, К.Турдалиевти сот­ко күч менен алып келиш­ти. Адво­кат Э.Саданбековтун аялы­на, кызы­на теле­фон чалы­шып, ата­сын таап берүүнү талап кылышкан.

Адво­кат­тар­дын баарын, УКМК кыз­мат­кер­ле­ри, сот­ко кели­шин талап кылып, укпа­ган­да­рын УКМКга “бесе­да­га”, Э.Булекбаевти, УКМКнын тер­гөөчүсү, себе­бин айт­пас­тан УКМКга кели­шин талап кыл­ган. Мам­ле­кет­тик кыз­мат­тар­да туу­ган­да­ры бар адво­кат­тар­га, туу­ган­да­ры аркы­луу басым­дар, кор­ку­ту­у­лар болууда.

Судья М.Сыдыков жана укук кор­гоо орган­да­ры ар кан­дай жол­дор менен биз­дин адво­кат­та­ры­быз­га басым жасап, кор­ку­туп, биз­ге мам­ле­кет­тин адво­кат­тар­ды таңу­у­лап, биз­ди ква­ли­фи­ка­ци­я­луу укук­тук жар­дам алуу, Кон­сти­ту­ци­яда карал­ган адво­кат­ты тан­доо уку­гу­буз­дан ажыратышууда.

Биз, Кем­пир-Абад­чы­лар, биз­дин адво­кат­та­ры­быз­га бол­гон басым­дар­ды жана куу­гун­тук­тар­ды мур­да болуп көр­бө­гөн пре­це­дент ката­ры баа­лай­быз. Мын­дай фак­ты­лар укук­тук өлкөдө жол берил­бе­син баса белгилейбиз.

Ушу­га бай­ла­ны­штуу, биз, Кем­пир-Абад­чы­лар, эки жыл бою биз­ди кор­гоп кел­ген адво­кат­та­ры­бы­здын кыз­ма­ты­нан баш тар­ту­у­га маж­бур болуудабыз.

Сиз­дер­ден бул фак­ты­лар­ды илик­теп, адам укук­та­ры боюн­ча отчёт­тор­го, өз өлкөлөрүңүздөр­дүн демо­кра­ти­я­ны кор­го­гон инсти­ту­та­ры­на жет­ки­рип коюңуз­дар­ды жана биз­дин өкмөт менен адам укук­та­ры боюн­ча сүй­лө­шүүлөр­дө эске алу­уңар­ды суранабыз.

 

А.Бекназаров

Р.Джеенбеков

А.Акматов

М.Баязов

Т.Махмудов

А.Бузурманкулов

Ж.Молдокматов

И.Сарылдык уулу