2025-жыл­дын 14-ноябры­нан 19-ноябры­на чей­ин Кыр­гыз­стан­дын Адво­кат­тар ассо­ци­а­ци­я­сы­нын деле­га­ци­я­сы Кытай Эл Рес­пуб­ли­ка­сы­ны­нын Пекин шаары­нын бир катар адво­кат­тык ассо­ци­а­ци­я­лар жана юри­ди­ка­лык ком­па­ни­я­лар менен жолу­гу­шу­у­лар­ды өткөр­дү. Алар­дын ката­рын­да бел­ги­лүү Beijing Galaxy Excellence Law Firm ком­па­ни­я­сы да болду.

2025-жыл­дын 14-ноябрын­да атал­ган ком­па­ни­я­нын жетек­чи­си мыр­за Лю Сяо Ю (Liu  Xiao Yu) өзүнүн кең­се­сине Кыр­гыз­стан­дын Адво­кат­тар ассо­ци­а­ци­я­сы­нын деле­га­ци­я­сын — Май­рам­бек Жума­бе­ко­в­ду, Эркин Садан­бе­ко­в­ду жана Али­шер Бек­ту­ро­в­ду — сүй­лө­шүүлөр­дү жүр­гүзүү жана тыг­ыз бай­ла­ны­штар­ды түзүү мак­са­тын­да чакырды.

Мыр­за Лю Сяо Ю Пекин шаары­нын бор­бо­рун­да жай­гаш­кан өзүнүн аброй­луу кең­се­си­нин каби­нет­те­ри менен мей­ман­дар­ды кыдыр­тып, жогор­ку кесип­көй­лүк­кө ээ коман­да­сы­нын мүчөлөрү менен таа­ны­штыр­ды жана жетек­те­ген юри­ди­ка­лык ком­па­ни­я­сы­нын ишмер­дүүлү­гү туу­ра­луу кеңи­ри маа­лы­мат берди.

Жүр­гүзүл­гөн сүй­лө­шүүлөр­дүн жүрү­шүн­дө тарап­тар юри­ди­ка­лык кыз­мат көр­сөтүүлөр­дү Кытай Эл Рес­пуб­ли­ка­сы­нын айма­гын­да да, Кыр­гыз­стан­да да өнүк­түрүү мак­са­тын­да өнөк­тө­штүк мами­ле­лер­ди түзүү жөнүн­дө чечим­ге келишти.

Жолу­гу­шуу соңун­да тарап­тар өз ара кыз­мат­та­шуу туу­ра­луу өз ара кол коюл­ган кели­шим­дер менен алма­шып, бекем кол алы­шып, баа­луу белек­тер­ди тапшырышты.

Атал­ган жолу­гу­шуу Цзян­си про­вин­ци­я­сы­нын «Вэй­мин» юри­ди­ка­лык ком­па­ни­я­сы­нын тобу­нун кол­до­осу менен, бел­ги­лүү кытай­лык адво­кат мыр­за Ван Хуэй­мин (Wang Huiming) тара­бы­нан уюштурулду.