“Кем­пир-Абад иши” боюн­ча айып­та­лу­у­чу­лар­дын бири Марат Баязо­в­дун ата­сы тер­гөө иште­ри кан­дай жүрүп жатка­ны жана бул кыл­мыш иши кан­дай мак­сат­тар­ды көздөп жатка­ны туу­ра­луу өз оюн, жеке бай­коо­ло­ру менен бөлү­шүүнү чечти.

— Урмат­туу Манас Гапа­ро­вич, сегиз айдан бери сиз­дин уулуңуз камак­та. Сиз үчүн жана сиз­дин үй-бүлөңүз үчүн бул 8 ай кан­тип өттү?

— Мен пен­си­о­нер­мин. Мен 77 жашым­да ушун­дай ишке ара­ла­шу­у­га маж­бур­мун. Уулуң­дун абак­та отур­га­ны өтө оор. Кошу­на-колоң­дун, туу­ган-урук­тун, айла­на-чөй­рөңдүн мами­ле­си да дароо өзгөрөт экен. Уулу­ма коюлуп жаткан берене абдан кор­ку­нучтуу. Бул мекен­ге чык­кын­чы­лык кылуу, курал­дуу көтөрүлү­штү даяр­доо, бий­лик­ти кула­туу деген­ди бил­ди­рет. Элдер мын­дай деп ойло­шот экен: “Бул жер­де бир нер­се бар. Курал­дуу көтөрүлүш бол­бо­со, анда аги­та­ция. Бий­лик­ти басып алба­саң, анда бир жер­ден уур­да­дың”… Ал эми таа­ныш-билиш, туу­ган­дар­дын пикир­ле­ри да ар кан­дай. Бул биз­ге албет­те терс таа­си­рин тий­ги­зет, мен өзүм жана жубай­ым жөнүн­дө айтып жата­мын. Мын­дай кыр­да­ал­да, өзүң эле элден чет­теп, ким­дир бирөө бир нер­се айт­па­са экен деп, жолу­гу­у­дан да баш тар­тып калат экен­сиң.  Жай­ын­да дача­быз­га барып чөп чаап, гүл­дөр­дү суга­рып, стресс менен ушун­дай жол менен күрө­шүп жатабыз.

— Бул кыл­мыш иши боюн­ча сиз­дин пики­риңиз кандай?

— Бул бол­бо­гон иш. Балам­ды бол­го­ну Рав­шан­дын досу деген негиз­де гана кар­маш­кан. Ушун­дан улам ага эки нер­се­нин неги­зин­де айып коюлуп жатат. Алар анын бар­дык сүрөт­төрүн жана соци­ал­дык тар­мак­тар­га жары­я­лан­ган пост­тор­дун скрин­шот­то­рун тар­тып алып, экс­пер­ти­за­га жөнөтүш­көн. Мам­ле­кет­тик линг­ви­сти­ка­лык экс­пер­ти­за бул мате­ри­ал­дар­дан эле тыя­нак чыга­руу мүм­күн эмес деген тыя­нак чыгар­ды. Бул мате­ри­ал­дар­дан адам эмне деп ойлойт, эмне кылат жана мам­ле­кет­тик төңкөрүш жасо­ону план­дап жатка­нын көр­сөт­пөйт. Мын­дай жооп­ту алган тер­гөө орган­да­ры ошол эле мате­ри­ал­дар­ды Илим­дер ака­де­ми­я­сын­да иште­ген экс­перт­ке жөнөтүш­көн. Мен юри­ст­тер­ден сурап, кору­тун­ду бер­ген адам биз­дин өлкөнүн Экс­перт­тер ассо­ци­а­ци­я­сы­нын мүчөсү эмес эке­нин бил­дим. Анын жообу Илим­дер ака­де­ми­я­сы­нын блан­кын­да эмес, мөөр­сүз, жөнөкөй эле ак кага­з­да эле. Аягын­да бул экс­перт­тин гана колу коюл­ган. Ал тер­гөө менен кели­шим­дин неги­зин­де иштейт деген ой туу­лат. Эми ал кели­шим менен иште­се, ага курал­дуу төңкөрүш жасо­ого чакы­рык бел­ги­ле­рин тап­кан эмге­ги үчүн  акы төлөн­сө керек. Бул жер­ден мен бир нер­се­ни бил­гим келет, балам­дын таг­ды­ры кан­ча пул­га анык­тал­ган? Ушун­дай эле жол менен Кем­пир-Абад ишин­де­ги 27 айып­та­лу­у­чу­нун баары­нын таг­ды­ры анык­тал­ган­бы? Ант­ке­ни бар­дык айып­тар дал ушул “экс­перт­тин” кору­тун­ду­су­на негизделген.

— Уулуңуз­дун сүрөт­төрүн көрүп, ал кан­дай тыя­нак чыгарды?

— Бул сүрөт­төр курал­дуу төңкөрүш жасо­ого чакы­рык деген. Ал эми сот­тун бирин­чи апел­ля­ци­я­лык оту­ру­мун­да Марат Баязов Кем­пир-Абад­ды кор­гоо коми­те­ти­нин мүчөсү деп айып­тал­ган. Уулум­дун жак­то­очу­су Эркин Садан­бе­ков бул коми­тет­тин мүчөлөрүнөн Баязо­в­дун бул коми­тет­тин мүчөсү эме­сти­ги, жый­ын­га каты­шпа­га­ны жана ал кафе­де жок экен­ди­ги туу­ра­луу жазуу түрүн­дө доку­мент чогул­ткан. Адво­кат Садан­бе­ков чоң иш жаса­ды, ал иш боюн­ча негиз­ги айып­та­лу­у­чу­лар­ды сур­ак­ка тар­тып, Марат Баязо­в­дун кафе­де­ги жолу­гу­шу­у­га каты­шпа­га­нын дагы бир жолу тастык­та­ды. Бул боюн­ча үч сурак про­то­ко­лу жазы­л­ган. Кий­ин­ки сот оту­ру­мун­да бул доку­мент­тер­дин сот ишин­де көр­сөтүлү­шү үчүн бар­дык чара­лар көрүл­дү. Бул доку­мент­тер­ди ишке тир­кеп, сот­ко өткөрүп берил­син деп про­ку­ра­ту­ра­га, улук тер­гөөчүнүн наа­мы­на арыз кат­тар жазы­л­ган. Бирок, бул иш атка­ры­л­ган жок.

— Демек, тер­гөө иши туу­ра эмес иштеп жатабы?

— Менин уулу­ма эки далил­дин неги­зин­де айып коюлу­у­да — бирин­чи­си, ком­пе­тент­түүлү­гү өтө күмөн­дүү бол­гон “экс­перт­тин” кору­тун­ду­су­нун неги­зин­де. Ал эми экин­чи­си — Коми­тет­ке каты­шуу. Бирок баш­ка айып­та­лу­у­чу­лар­дын, коми­тет­тин мүчөлөрүнүн көр­сөт­мөлөрүнө ылай­ык, менин уулум бул коми­тет­тин мүчөсү эмес, ал тур­гай бул коми­тет түзүл­гөн кафе­де­ги жый­ын­га да катыш­кан эмес. Баш­ка­ча айткан­да, күнөөнүн эки дали­ли тең негизсиз.

— Мын­дан кан­дай жый­ын­тык чыгар­са болот?

— Неги­зи­нен кыл­мыш иши­нин коз­го­лу­шу­нан баштап, кар­ма­лы­шы, тер­гөө иште­ри­нин жүрү­шү, азыр­кы оппо­зи­ци­я­ны кор­ку­туу үчүн гана. 27 адам кар­мал­ган­дан кий­ин, булар­дын баары­на кан­дай­дыр бир айып коюлу­шу керек да. Бирок бул иш менен биз­дин өлкөдө­гү бирин­чи адам­ды кор­ку­ту­у­га багыт­тал­ган, алар анын көзүнө анын теге­ре­гин­де­ги адам­дар бут тосу­шуп,  а түгүл төңкөрүш жасо­онун ара­ке­тин көрүп жатыш­ка­нын­дай көр­сөтү­шөт. Так­тык үчүн бул менин жеке оюм…

— Бул иштин бар­дык этап­та­рын­да биз толу­гу менен мый­зам­сыздык­ты, тер­гөөнүн эре­же­ле­рин сак­то­ону эти­бар алба­ган­ды көрүп жата­быз. Тарых­та ушун­дай окшо­штук­тар болгонбу?

— Биз­дин өлкөдө үч “рево­лю­ция” болуп өттү. Бий­лик­ке кел­ген ар бир сая­сат­чы өзүнүн адам­да­рын өзүнүн теге­ре­гине, эң негиз­ги­си укук кор­гоо орган­да­ры­на жай­га­штыр­чу. Албет­те, алар өздөрүнө жүк­төл­гөн мил­дет­тер­ди чечүү­гө өздөрүнүн адам­да­рын тар­тыш­чу. Мын­дай бир нече ирет бол­гон. Ал эми жого­ру жак­та жана орто зве­но­до ийкем­дүү адам­дар гана кал­ды деп ише­ним­дүү айта алам.

— Пла­сти­лин сымалбы?

— Пла­сти­лин сымал­бы же вазе­лин сымал­бы муну так­та­бай эле коё­лу. Мын­дай адам­дар кан­дай гана бий­лик бол­бо­сун керек. Атка­руу бий­ли­гин­де ква­ли­фи­ка­ци­я­лык дегра­да­ция болууда.

— 8 айдан бери стрес­сте, адилет­сиз­дик­те, бел­ги­сиз­дик­те жашап келе жата­сыз. Рав­шан Жеен­бе­ков­го бол­гон мами­леңиз өзгөр­дүбү? Аны менен бол­гон досту­гу­нан улам уулуңуз абак­та отурат.

— Мен уулу­ма ише­нем жана анын тан­до­осун сый­лай­мын. Рав­шан – менин уулум­дун досу. Мен эч качан анын ишине кий­ли­гиш­кен эмесмин.

— Мен бул суро­ону бер­ге­ним­дин себе­би, ар бир бий­лик­те Рав­шан­дын жана Марат­тын арты­нан куу­гун­тук, аңдуу бол­чу эле. Менин эсим­де “Дело” гези­т­ин­де Рав­шан­дын жана сиз­дин уулуңуз­дун сүрөтүн чыга­ры­шып, булар кан­дай­дыр бир киши­лер менен жолу­гу­шуп жүрү­шөт… деген маа­лы­мат бол­гон эле.

— Мен уулу­ма толук ише­нем. Марат эч качан сая­сат­чы бол­гон эмес. Бул кадим­ки эле эркек­тер­дин досту­гу. Ал эми Марат бул достук­тан баш тар­ткан жок. Бирок биз­дин бий­лик өкүл­дөрүнүн көңүлүн ушун­дай учур­га бур­гум келет – айып­та­лып жаткан­дар 27 адам. Бул 27нин ар бири­нин досто­ру, туу­ган-тууш­кан­да­ры, бал­да­ры, ата-эне­ле­ри, 30дан кем эмес жакын­да­ры бар. Бул болжол менен 1000дей адам. Бул 1000 адам­дын пики­ри азыр­кы бий­лик­ке кара­та өзгөр­дү. Айтай­ын деге­ним, бий­лик ойлон­бой жаса­ган иште­ри менен өз душ­ман­да­рын өз колу менен көбөй­түп жатат.

— Ар бир адам тек­тин гене­ти­ка­лык коду­нун алып жүрүүчүсү. Атаңыз Улуу Ата Мекен­дик согу­шту башы­нан өткөр­гөн. Анын аскер­дик доку­мент­те­ри Фрун­зе музей­ин­де сак­та­лып турат. Сиз­дер­ди­кин­дей кадыр­луу үй-бүлө­гө ушун­дай мами­ле жасал­са, баш­ка­лар­ды эмне күтөт?

— Мын­дан 25-30 жыл мурун чет өлкө­гө кетип жаткан туу­ган­дар­ды жак­тыр­чу эмес элем.. Эми менин оюм өзгөр­дү. Ким­дир бирөө азыр мен­ден кеңеш сура­са, “кет” деп айта­мын. Биз­дин өлкөдө бий­лик толу­гу менен дегра­да­ция болду.

— Сиз­дин тур­му­штук тажрый­баңыз бай, көп­тү көр­гөн, бил­ге­ниңиз бар. Бул иш кан­дай аяк­тайт деген божо­мо­луңуз бар?

— Эч кан­дай божо­мол­дор жок, ант­ке­ни бул иште логи­ка жок. Мый­зам боюн­ча айып­та­лу­у­чу­лар­дын баары эбак бошо­ту­лу­шу керек бол­чу. Бул кан­ча­лык узак­ка созул­са, элдин наара­зы­чы­лы­гы ошон­чо­лук күчөйт. Бар­дык айып­тал­ган­дар­дын ара­сын­да аде­ген­де алар тез эле бошо­ту­лат деген ише­ним бол­гон. Алгач алар бар­дык Кели­шим­дер­ди кабыл алып, кол кой­гон­дон кий­ин чыга­рат деп ойлош­кон. Өзбек­стан­дын пре­зи­ден­ти­нин сапа­ры­нан кий­ин бар­дык “камак­та­гы­лар” бошо­ту­лат деген эң чоң үмүт бар эле. Ошол мез­гил­де апел­ля­ци­я­лык сот бол­гон. Ал эми бул сот оту­ру­му­на бар­дык “камак­та­гы­лар” чыга­быз деген ой менен буюм-нер­се­ле­ри менен келишкен.

— Ооба, менин эсим­де. Алар бошо­ту­лат деген ише­ним бар эле!

— Иштин жый­ын­тыгы ушун­дай болот деген логи­ка бар эле. Адилет­түүлүк жеңе­рине баары ише­ниш­кен. Тур­му­штук чоң тажрый­ба­сы бар акыл­ман адам­дар сот­ко буюм-нер­се­ле­ри менен келиш­кен. Бирок эч нер­се бол­гон жок, ант­ке­ни логи­ка жок. Жок, алар­ды ушун­ча уба­кыт камак­та кар­мо­ого эч кан­дай негиз жок бол­чу. Ошон­дон мен алар элди жана биз­дин баш­кы ада­мы­бы­зды акы­ры­на чей­ин кор­ку­ту­у­ну чечиш­ти деген тыян­ак­ка келдим.

— Демек, пре­зи­дент Жапа­ров мын­ча­лык көп адам­дар­дын СИЗО­до отур­га­ны­на кызык­дар эмес деп ойлойсузбу?

— Ал бул иш эмне болуп жатка­нын, кан­дай негиз­де айып коюл­га­нын ийне-жибине чей­ин билет деп ойлой­суз­бу? Албет­те жок. Бул иш менен аны кор­ку­туп отурушат.

— Азыр бул масе­ле­де тергөөчү эң олут­туу чечим­дер­ди чыга­ра алат. Ста­лин­дик репрес­си­я­лар менен салы­штыр­сак болобу?

— Ста­лин­дик репрес­сия уба­гын­да бул киши эл душ­ма­ны эке­нин далил­деш үчүн, көп адам­дар­дын каты­шу­усу менен ачык, жасал­ма бол­со да сот­тук про­цес­стер болуп, айып­тоо сөздөрү бас­ма сөздө жары­я­ла­нып, баян­да­ма­лар жазы­лып тур­ган.  Чын­бы, жал­ган­бы, бирок алар тер­гөөнүн вер­си­я­сын далил­деш­чү. Ал эми бул иш боюн­ча сот про­цес­син жаап кою­шту. Үзөң­гү-Кушту берүү боюн­ча доку­мент­тер­ге Ака­ев тымы­зын кол кой­го­ну эсиң­из­де­би? Кий­ин ал ачык­ка чык­кан­да, анын кесе­пе­ти­нен кан­дай оку­я­лар бол­ду. Эми Кем­пир-Абад боюн­ча да дал ушун­дай. Ага кол коюл­ган, бирок бул макул­да­шу­у­нун чоо-жай­ын эч ким бил­бейт. Мына эми бул иш боюн­ча сот жабык өттү. Эмне үчүн? Неге? Айып­то­очу тарап “ынан­ды­рар­лык” далил­дер­ди кел­тир­ди деп айта албай­быз, ант­ке­ни мунун баары жашы­ру­ун. Ушун­дай “ынан­ды­рар­лык” далил­дер­дин неги­зин­де айып кою­лат.  Ошон­дук­тан, мен уулу­ма коюл­ган айып­тар­дын толук негиз­сиз­ди­гин коомчу­лук­ка жет­кир­гим келди.

Интер­вью­ну даяр­да­ган Лей­ла Саралаева

 

http://​www​.nlkg​.kg/​k​g​/​i​n​t​e​r​v​i​e​w​/​m​a​n​a​s​-​b​a​y​a​z​o​v​-​c​e​l​-​e​t​o​g​o​-​u​g​o​l​o​v​n​o​g​o​-​d​e​l​a​-​z​a​p​u​g​a​t​-​o​p​p​o​z​i​c​i​y​u​-​i​-​p​r​e​z​i​d​e​nta