2025-жылдын 14-ноябрынан 19-ноябрына чейин Кыргызстандын Адвокаттар ассоциациясынын делегациясы Кытай Эл Республикасынынын Пекин шаарынын бир катар адвокаттык ассоциациялар жана юридикалык компаниялар менен жолугушууларды өткөрдү. Алардын катарында белгилүү Beijing Galaxy Excellence Law Firm компаниясы да болду.

2025-жылдын 14-ноябрында аталган компаниянын жетекчиси мырза Лю Сяо Ю (Liu  Xiao Yu) өзүнүн кеңсесине Кыргызстандын Адвокаттар ассоциациясынын делегациясын — Майрамбек Жумабековду, Эркин Саданбековду жана Алишер Бектуровду — сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тыгыз байланыштарды түзүү максатында чакырды.

Мырза Лю Сяо Ю Пекин шаарынын борборунда жайгашкан өзүнүн абройлуу кеңсесинин кабинеттери менен меймандарды кыдыртып, жогорку кесипкөйлүккө ээ командасынын мүчөлөрү менен тааныштырды жана жетектеген юридикалык компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү Кытай Эл Республикасынын аймагында да, Кыргызстанда да өнүктүрүү максатында өнөктөштүк мамилелерди түзүү жөнүндө чечимге келишти.

Жолугушуу соңунда тараптар өз ара кызматташуу тууралуу өз ара кол коюлган келишимдер менен алмашып, бекем кол алышып, баалуу белектерди тапшырышты.

Аталган жолугушуу Цзянси провинциясынын «Вэймин» юридикалык компаниясынын тобунун колдоосу менен, белгилүү кытайлык адвокат мырза Ван Хуэймин (Wang Huiming) тарабынан уюштурулду.